14:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жалал-Абадда бала бакчага кезекке турган балдардын онлайн тизмеси түзүлдү

Жалал-Абад шаарында бала бакчага кезекке турган балдардын онлайн тизмеси түзүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдайт.

Алардын айтымында, www.jacity.kg сайтында «Балдар бакчаларындагы кезектер» бөлүмү ачылды.

«Анда ар бир бала бакчадагы кезекке тургандардын аты-жөнү толук көрсөтүлдү. Эми шаар тургундары үйүндө отуруп эле билип, көзөмөлдөй алышат» — дейт мэрия.

Маалыматта, бул бала бакчага кабыл алууда тааныш-билиш жана пара алуу сыяктуу көрүнүштөрдү жок кылуу аракети экендиги айтылат.

«Мунун баары адилеттик үчүн, коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу үчүн жасалууда. Себеби, балдарды бакчаларга жайгаштыруу кезеги бузулуп, адилетсиздик болуп жатканы тууралуу ата-энелер арасында нааразылыктар бар. Биз ага жол койбошубуз керек жана терс көрүнүштөргө каршы жалпы аракет кылышыбыз ылаазым. Ошондуктан, эгер адилетсиздик көрүнүштөрү болсо, ата-энелердин бизге кабарлашын суранабыз», — дейт шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышев.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби