15:21
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Президент Финансылык чалгындоо кызматына башкы милдетин эскертти

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш Финансылык чалгындоо кызматынын ишине байланыштуу экендигин эскертти. Бул тууралуу өлкө башчысы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев менен жолугушууда билдирди.

«Финансылык чалгындоо кызматынын натыйжалуу ишине терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо жаатындагы кылмыштарды өз учурунда алдын алуу гана эмес, коррупция менен натыйжалуу күрөшүү, экономикадагы көмүскө кирешелерди аныктоо жана ошондой эле ачыктыкты жана мамлекеттик кызматкерлердин чыгашаларын толугу менен декларациялоону камсыздоо дагы байланыштуу», — деди президент.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү террористтик иш-аракеттер коркунучтарын аныктоо жана каржылоо каналдарын бууп салуу боюнча чечкиндүү аракеттер талап кылынаарын белгиледи.

«Биздин милдетибиз — жарандарыбыздын коопсуздугун жана кызыкчылыгын, мамлекеттин аброюн коргоо» — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимине жана эл аралык уюмдардын сунуштарына ылайык терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди

Эң көп окулган жаңылыктар