8-март күнү болжол менен саат 19:35 чамасында белгисиз айдоочу «Балыкчы-Ананьево-Каракол» унаа жолунан 55 жаштагы А.Ж аттуу жергиликтүү тургунду сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми, жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден көз жумган.
Жол кырсыгы Түп райондук ИИБде катталып, чогултулган иш-кагаздар райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Ыкчам-издөө иштеринин негизинде, кылмышка шектүү катары 37-жаштагы К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.