04:21
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Январь айында бюджеттин кирешеси 10 миилларддан ашты

2018-жылдын январында мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 10,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт.

Маалыматка караганда, мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 10 миллиард 172,9 миллион сомду түздү. Анын ичинде республикалык бюджеттин кирешелери — 8 миллиард 980,1 миллион сом, жергиликтүү бюджеттин кирешелери — 1 миллиард 449,3 миллион сом.

Эскерте кетсек, өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгү үстүбүздөгү жылга 142 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген.

Эң көп окулган жаңылыктар