21:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Иштамберди» алтын кенин тоноого аракет кылгандар кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы «Иштамберди» кенин тоноого аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Алардын маалыматында, 19-февральдан 20-февральга караган түнү «Фулд-Голд майнинг» алтын кен казуучу компаниясынын «Горный» шахтасына Кызыл-Токой айылынан болжол менен 50-60 чакты

тургундары автоунаалары менен келип, кен алып чыгып кетүүгө аракет кылышкан.

Аталган факты боюнча учурда Ала-Бука РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, бир топ атуулдар тергөөгө суракка алынып, автоунаалары Ала-Бука РИИБнин имаратына киргизилип тергөө иштери уланууда. Учурда ал аймак көзөмөлгө алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар