03:48
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Кыз-жигит Сармерден» теледолбооруна жаңы «Шайыр жеңе» таңдалды

«Кыз-жигит Сармерден» теледолбооруна жаңы «Шайыр жеңе» болуп ырчы Анара Шаимкулова таңдалды. Маалыматты жергиликтүү сайттардын бирине ырчы өзү ырастаган. Анын талапкерлигин тандоо тобу жактырган.

Анара Шаимкулованын маалыматында, теледолбоордун жаңы берүүсү Нооруз майрамына карата эфирге чыгат.

Эскерте кетсек, «Сармердендин» мурдакы «Шайыр жеңеси» Гүлбүбү Ороскул кызы күтүүсүз каза тапкан. Ага чейин бул теледолбоорду алып барган Гүлзат Батырканова жол кырсыгында набыт болду.

Анара Шаимкулова 40 жашта. Жалал-Абад облусунда төрөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума