16:00
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Абакта ачкачылык кармаган саясатчы Бектур Асановдун абалы начар

Абакта ачкачылык кармаган саясатчы Бектур Асановдун абалы начар. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоочу Зулфия Марат билдирди.

Анын айтымында, Бектур Асановдон цинга илдети аныкталды. Ага карабай бүгүн аны № 47-абактан жаза өтөө жайына котормокчу.

Эскерте кетсек, мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталган оппозициянын мүчөлөрү 22 күндөн бери ачкачылыкта олтурушат. Алар суу гана ичишүүдө. Жаза аткаруу кызматы аларга ийне сайып азыктандырууга аракет көрүүдө.

Алар УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылууда. Бектур Асанов гана № 47 абакта калып, Эрнест Карыбек менен Кубанычбек Кадыров башка түрмөгө которулду.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби