14:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстан коңшулар менен чек арасында акча алмаштыруу жайларын ачат

Тажик өкмөтү Кыргызстан жана Өзбекстан менен чек арасындагы көзөмөл өткөрмө бекеттеринде акча алмаштыруу жайларын ачат.

Тажикстан Улуттук банкынын Согди облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навруз Валиевдин билдиришинче, валюта алмаштыруу ишин насыя уюмдары алып барат. Тажикстанда жеке акча алмаштыруу жайларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Улуттук банктын чиновниги чек арада акча алмаштыруу жайлары жок болгондуктан, коңшу өлкө жарандары валютаны көмүскө базарда алмаштырып жатканын айтты. Дем алыш күндөрү банк же кредиттик уюмдар иштебегендиктен, доллар, евро жана рублды Худжандда дагы алмаштыруу кыйын.

Чек арада акча алмаштыруу жайлары түнкү саат 10-11ге чейин ачык болот.

2015-жылы Улуттук банктын көрсөтмөсү менен бардык жеке акча алмаштыруу жайлары жабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар