Ош облусунун Алай районунда жоголгон мергенчинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
28-январы күнү Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күнгөй тоосун көздөй аң улоого чыгып, дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө ӨКМдин куткаруучулары, милиция жана туугандары тартылып, алты күндөн кийин гана сөөгү табылды.