16:30
USD 69.83
EUR 78.79
RUB 1.03

Мураска калган сахна. Ата-энесинин жолун улаган жылдыздуу чүрпөлөр

90-жылдардан тарта сахнаны багындырып, шоу-бизнес менен алышып келген бир топ эстрада жылдыздарынын уул-кыздары ата-энесинин жолун улап келүүдө. Бала кезинде кызыгуу менен ата-энеси менен кошо сахнага чыгып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгондугуна карабай, ырчылык менен кош айтышкандар дагы бар.

«Кош жылдыздын» кызы Малика Дина

Белгилүү ырчылар Динара Акулова менен Абдималик Шерматовдун кызы Малика Дина жакында «Айтчы себебин» аттуу жаңы ырына жаңы клип тарттырды. Клиптин бет ачарына шоу бизнес жылдыздары чакырылып, ага казак актеру Еркебулан Токтор тартылды.

«Кыз бурактын» Сайкалы

«Кыз бурак» тобунун көркөм жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын кызы Сайкал бешиктен бели чыкпай жатып, шоу бизнеске аралашып жүрөт. Аны топтун кыздары менен чогуу чоңоюп, ыкыркы жылдары апасынан чылбырды колго алып, өзү топту башкарууда.

Чыгыш жылдызы — Айгерим Расул кызы

Расул Маматкуловдун кызы Айгерим алгач атасынын жанында бийлеп, андан кийин ырдап чыкты эле, бой жетип, өз алдынча ырдап баштады. Индия бийчилери менен чимириле бийлеген Айгерим азыр өз бийчилер тобун башкарып, тойлорду кыдыра ырдап жүрөт.

Куудулдун ырчы кызы

Куудул жана ырчы Кубик Калыковдун кызы Айпери дагы акыркы жылы өнөрүн таптап, той-топурдан калбай, чет жакты дагы кыдырып таланты менен тыйын таап калган кези.

Азиз Жетигенов

Алина Жетигенованын уулу Азиз дагы бир кезде ырчылык менен алектенип жүрдү эле. Азыр чыгармачылыгы басаңдап, шоу-бизнестен алыстагандай.

Ал эми Бек Борбиев, Ибрагим Жунусов, Айчүрөк Иманалиева, Гүлнур Асанова, Асел Турдалиевалардын улан-кыздары эстрададан алыс.

Эң көп окулган жаңылыктар