21:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Темир Жумакадыровдун өлүмүнө айыпталган айдоочуга бүгүн өкүм чыгат

Мурдакы виц-премьер-министр маркум Темир Жумакадыров кабылган жол кырсыгы боюнча соттук териштирүү аяктоодо. Бүгүн сот өкүмү күтүлөт.

Айыпталуучу акыркы сөзүндө жол кырсыгында каза болгондордун үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.

«Бул кырсык болду. Мен атайын жасаган жокмун. Кечирим сурайм», — деди Автандил Таалайбек уулу.

Эскерте кетсек, 7-октябрда Бишкек-Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыгында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бара жаткан ууна КамАЗ менен сүзүшүп кеткен. Темир Жумакадыров менен бирге, анын айдоочусу жана жардамчысы көз жумду.

Темир Жумакадыров 38 жашта болчу. Анын артында үч кызы калды.

Эң көп окулган жаңылыктар