Ош облусунун Алай районунда аңчылыкка чыгып жоголгон мергенчи изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Алардын маалыматында, Алай районунун Будалык айыл аймагында 2018-жылдын 28-январы күнү Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күнгөй тоосун көздөй аң улоого чыгып, дайынсыз жоголгон. Аны ӨКМдин 6 куткаруучусу, туугандары жана РИИБ кызматкерлери менен биргеликте издөөдө.