18:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы менен соттолгондор ачкачылык жарыялады

«Элдик парламенттин» соттолгон эки өкүлү ачкачылык жарыялады. Аны менен энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков жана Жалал-Абад облусунун мурдакы губернатору Бектур Асанов УКМК жана соттун чечимине каршылыгын билдиришүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине саясый туткундарды коргоо комитетинен билдиришти.

Экөөнүн тең ден-соолугу начарлап, 30-31-январь күндөрү № 47 абакка которулду. Буга чейин өтүнөн операция болгон Бектур Асанов УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылууда.

Эскерте кетсек, Эрнист Карыбеков «чыккынчылык» айыбы менен 20 жылга, Бектур Асановго бийликти күч менен басып алуу аракеттенген күнөөсү коюлуп, 12 жылга эркинен ажыратылган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума