04:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улуттук банк 2016-жылы 3,7 миллиард тапкан. Өкмөт банк киришесине көз артууда

Улуттук банктын эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү демилгеси көтөрүлүүдө. Бул боюнча Жогорку Кеӊеште каралган «Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүдө айтылат. Долбоор бүгүн экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Каржы министрлигинин өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук банктын пайдасынын эсебинен бюджетке которулуучу коюм өлчөмүн 70 пайыздан 90 пайызга көтөрүү демилгеси сунушталууда. Анткени, Улуттук банк буга чейин бюджетке Салык кодексинде каралаган салык түрлөрүн төлөбөй келген.

Улуттук банктын акыркы жылдардагы ишин талдоо анын пайда табуу менен иштегенин көрсөтөт (2011-жылы — 2251 млн сом, 2012-жылы — 782 млн сом, 2013-жылы — 444 млн сом, 2014-жылы — 5 млрд 395 млн сом, 2015-жылы — 6 млрд 542 млн сом, 2016-жылы — 3 млрд 777 млн сом), ошондой эле чет өлкө валюталар менен алтынды жаңы баалоо резерви дагы оң болуп чыкты.

Маселен, Россиянын «РФ Борбордук банкы (Россия банкы) жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, РФ Борбордук банкы федералдык бюджетке салыктар менен төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин, жыл жыйынтыгы боюнча алган пайдасынын 75 пайызын которот. Бул төлөмдөр РФ Салык кодексине ылайык төлөнөт.

70 пайыздык коюмдар боюнча Улуттук банк тарабынан 2015-жылы 2014-жыл үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнө 3 млрд 777 млн сом которулган, 2016-жылы 2015-жыл үчүн 4 млрд 579 млн сом которулган, 2017-жылы 2016-жыл үчүн 2 млрд 643 млн сом которулган. Ал эми которуу коюму 90 пайызды түзсө, бюджетке 2015-жылы 4 млрд 856 млн сом, 2016-жылы 5 млрд 888 млн сом, ал эми 2017-жылы 3 млрд 399 млн сом түшмөк.

Эгерде Улуттук банктын пайдасы акыркы жылдардагы деңгээлде сакталса, аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы республикалык бюджетке кошумча 500 млн сом көлөмүндөгү каражаттын түшүшүн камсыз кылмак.

Ал эми мыйзам долбоорун колдогон Улуттук бактын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ушу тапта резервде 7 млрд сомго жакын акча топтолуп калганын билдирди. Анын пикиринде, эл аралык саясатынын талаптарына ылайык, резервдеги каражатка тийбеш керек.

Андан тышкары, улуттук валютаны Кыргызстандын өзүндө чыгаруу демилгесин ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар