08:25
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жол коопсуздук инспекторлорунун айлык акысы 11-12 миң сом

Жол коопсуздук инспекторлорунун айлык акысы 11-12 миң сомдон ашпайт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

ИИМдин орун басары Курсант Асанов мындан тышкары жол эрежесин бузуудан түшкөн айыппулдун бир бөлүгү инспекторлордун айлык маянасына кошулуп берилерин кошумчалады.

«Айлыгынын үстүнө 5-6 миң сом кошулат. Негизинен айдоочулар төлөгөн айыппулдун көпчүлүгү Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгына жумшалат» — деди ал.