07:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Төрт жаштагы инста-жылдыз кыргыз ырчыларын туурап сүрөткө түшөт

Төрт жаштагы Айыманын өзүнүн instagram баракчасы бар. Ал анда «Мен жана жылдыз» рубрикасын жүргүзүп келет.

Мында Айыма шоу-бизнестеги кыздарды туурап кийинип, сүрөткө түшөт. Көпчүлүк ырчы, алып баруучу айымдар Айыма ракмат айтып, кубанычын билдиришкен. Айыма ырчы Асел Кадырбекова, Айгерим Расул кызы, алып баруучу жана актрисалар Рахат Божокоева, Назира Айтбекова, модель Бегимай Кадырбекова жана Голливуд жылдызы Селена Гоместин кичинекей көчүрмөсү болуп сүрөткө түшкөн.

Инста баракчасында Айымынын ордуна ата-энеси олтурары айтылат. Айыма 2017-жылдын Мини Мисс сынагын жеңип алган.

Эң көп окулган жаңылыктар