10:12
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жалал-Абадда 2017-жылы жол кырсыгы 12,9 пайызга көп катталды

Жалал-Абад шаарында 2017-жылы жол кырсыктарынын саны 2016-жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга көп катталды (2016-81 кырсык, 2017-93 кырсык). Бул тууралуу шаардык мэриянын жыл жыйынтыгы боюнча отчетунда маалымдалат.

Жол кырсыгында 2017-жылы 5 шаар тургуну көз жумуп, мурдагы жылга салыштырмалуу жарат алгандар саны 17ге көбөйгөн.

Ошондой эле жыл ичинде жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен 24 жол кырсыгы болуп, 24 өспүрүм денесинен жарат алган, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 6га аз. Жыл ичинде балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны 7 пайызга кыскарган.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын аймагында ЖККК кызматкерлери тарабынан тейленген жалпы автожолдор 164 чакырымды түзөт. Ал эми патрулдук милиция кызматкерлеринин штаттык бирдиги жалпысынан 9 болсо, алардын төртөө аппарат кызматкерлери, ал эми 5 кызматкер жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп келет.

Эң көп окулган жаңылыктар