22:04
USD 69.85
EUR 79.07
RUB 1.05

Жалал-Абад университетинин окутуучулары күч сынашты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучуларыжана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн «Ден-соолук — 2018» аталышындагы кышкы спартакиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти.

Жеңүүчүлөр Ысык-Көл облусунда өтө турган «Ден соолук — 2018» спартакиадасына катышуучулар жолдомо алышты.

Спартакиадага окуу жайдын 360дан ашуун кызматкерлери катышып, спорттун алтытүрү боюнча 9 команданын ортосунда таймаш жүрдү: алар — кичи футбол, стол үстүндөгү тенис, тогуз коргоол, шахмат, аркан тартыш жана волейбол оюндары.

Биринчи орунду Жалал-Абад колледжи ээлеп, оң миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ошондой эле экинчи орунду Медициналык колледж багындырып, тогуз миң сом ыйгарылды. Ал эми үчүнчү орунду ректорат багындырып, сегиз миң сом алды.

Эң көп окулган жаңылыктар