19:25
USD 69.84
EUR 79.51
RUB 1.05

Бишкек-Ош жолунда айдоочулар үчүн жылынуучу жайлар уюштурулду

Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка жана Арал постунда жылынуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 

ӨКМдин маалыматында, кечээ Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда 120 оор жүк ташуучу жана 225 жеңил унаалардын тыгыны жаралган.

Ал эми Токтогул районунун  «Арал» бекетинде 500 оор жүк ташуучу жана 200 жеңил унаалар турат.

Унаалар топтолгон жерлерде ысык чай жана жылынуучу жайлар уюштурулган.

Эң көп окулган жаңылыктар