12:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек-Ош унаа жолуну убактылуу жабылды

Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, жолдо тыгындар пайда болду.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Арал, Кара-Көл шаарындагы посттордо бардык унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Жеринде калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алынуусу боюнча кошумча маалымат берилет.

«2017-жылдын 27-декабрынан 29-декабрына чейин жаап өткөн жана туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдары жана Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын 198-265-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл» — дейт ӨКМ.

ӨКМ декабрь айынын аягына чейин жолдун 132-137- жана 198-255-чакырымдарында артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иш-чараларын жүргүзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар