13:10
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казак журналисттери Нурсултан Назарбаевдин кайда эс алып жатканын издешүүдө

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Түркиянын Бордум аймагында эс алууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун казак кызматы Нurriyet Daily News маалымат агенттигине шилтеп жазып чыкты.

Нurriyet Daily News Нурсултан Назарбаев казак ишкери Алижан Ибрагимовдун яхтасына болуп, жак сакчылары менен сууда сүзүп, эс алуу аймагында сейилдеп басканын маалымдашат.

«Азаттыктын» казак кызматынын билдирүүсүндө, президент өткөн аптада кыска эмгек өргүүгө чыккан. Ал эми Акордо өлкө башчысынын кайсы жерде эс алып жатканы боюнча маалымат берген эмес.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков кечээ эс алууга чыкты. Акүй президент Ысык-Көлдө болорун кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар