09:26
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Өзбекстандын экс-президентинин кызынын мүлкү башка колго өтөт

Өзбекстандын экс-президентинин кызы Лола Тиллаева менен анын күйөөсү Тимур Тиллаевге тиешелүү «Абу Сахий» компаниясынын кожоюну алмашат. Бул тууралуу «Озодлик» маалымдайт.

Маалыматты Тиллаевдердин үй-бүлөсүнүн жактоочусу ырастаганы айтылат. Бирок, азырынча кимдин колуна өтөөрү жана кандай жол менен ишке ашып жаткандыгы белгисиз.

«Абу Сахий» транспорттук компания.

Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин Өзбекстанда экс-президенттин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрдүн кожоюндары алмашары божомолдонгон. Акыркы жылдары Европада жашаган Лоло Каримованын Өзбекстанда көпкө кармалышы дагы байлыгын коргоо аракети менен байланыштырылган.

Эскерте кетсек, Ислам Каримовдун дагы бир кызы -Гүлнара учурда абакта. Ал жемкорлук айыбы менен камалган. Анын Европа банктарындагы эсебиндеги акчаларына бир нече өлкөлөр бөлүп алуу ниетин билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар