00:43
-1
USD 69.75
EUR 82.18
RUB 1.18
Кыргызча

Өкмөт MegaCom баасы түшүрбөйт

Өкмөт MegaCom баасы түшүрбөйт. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын жыйынында айтылды.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, эл аралык ишканалар уюлдук операторду сатууга жардам берүүгө даяр.

«Сатып алуучу жок. Мүмкүн баасы өтө кымбат болуп жаткандыр. Азыр сатуунун башка жолдорун издеп жатабыз. Кээ бир инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзүлүүдө», — деди Дүйшенбек Зилалиев.

Эскерте кетсек, MegaCom компаниясы 2010-жылдан кийин улутташтырылган. Сатып алган ишкана соттук териштирүүлөрдү дагы мойнуна алган. Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев акыркы маалымат жыйында компаниянын наркын 25-30 пайызга кыскартуу зарылдыгын айткан.

 
Эң көп окулган жаңылыктар