10:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тарых музейи жаңы жылга ачылат

Бишкек шаарындагы Тарых музейинин оңдоо иштери декабрь айында аяктайт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине оңдоо иштерин жүргүзуп жаткан ишкананын өкүлү Бороончу Иманбеков билдирди.

Анын айтымында, музейдин ичи бүтүп, ага экспонаттарды жайгаштыра башташты. Азыр сырты жасалууда.

Эскерте кетсек, музейдин оңдоо иштерине бюджеттен 285 миллион 961 миң 136 сом бөлүндү. Дагы 4 миллион 858 миң 982 сом жабдууга берилет. Келишимдин негизинде түрк тарап дагы грант бөлүп берүүнү убадалаган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума