Улуттук банк кечээ дагы интервенция жасап, 450 миң доллар сатты. Бул тууралуу банктын интернет баракчасында маалымдалат.
Бул апта ичиндеги банк тарабынан жүргүзүлгөн төртүнчү интервенция болду. Жалпысынан сомдун наркын кармоо үчүн жума ичинде 9 миллион 650 миң доллар, ноябрь айында 32,2 миллион доллар сатылды. Бирок, АКШ валютасынын наркы 10 тыйынга гана төмөндөдү.
Учурда доллар 69,6-69,65 сом менен сатып алынып, 69,8 сомго сатылууда.
Белгилей кетсек, Улуттук банк доллардын сомго карата наркын көзөмөлдөп интервенция жүргүзүп турат. Ага каражат өлкөнүн алтын валюталык резервинен сарпталат.
Улуттук банкты учурда Кыргыз-россия өнүктүрүү фондунун мурдакы төрагасы Кубанычбек Кулматов жетектейт. Ал билими боюнча тарыхчы.