19:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдө айылдашын өлтүргөндөр кармалды

Ысык-Көл облусунун Кашат айылында орун алган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

19-октябрда Кашат айылынын үйлөрүнүн биринин алма багында 26-жаштагы ушул эле айылдын тургунун киши колду болгон өлүгү табылат. Иликтөөнүн жыйынтыгында, кылмышка шектелип, ушул эле айылдын тургундары 40-жаштагы К. Асанбек жана 31-жаштагы А. Алтынбек кармалды.

ИББсынын билдирүүсүндө, алар күнөлөрүн моюннуна алышты.

Шектүү катары кармалышкан адамдар Ысык-Көл РИИБнүн убактылуу-кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар