11:23
+12
USD 69.75
EUR 82.62
RUB 1.19
Кыргызча

Улуттук банк 2000 сомдук банкнота чыгарды

Улуттук банк сомдун мааракесине карата 2000 сомдук банкнота чыгарды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Жаңы купюра 17-ноябрдан баштап колдонууга берилет. Ал эгемендүүлүктүн жана сомдун 25-жылдыгына багытталат.

Улуттук банктын маалыматында, жаңы акчанын сүрөтүн өз кызматкери тарткан. Аны АКШнын компаниясы басып чыгат. Бул акча бир гана жолу чыгарылат. Банкоматтар жана терминалдар аны кабыл алышпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар