Улуттук банк сомдун мааракесине карата 2000 сомдук банкнота чыгарды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.
Жаңы купюра 17-ноябрдан баштап колдонууга берилет. Ал эгемендүүлүктүн жана сомдун 25-жылдыгына багытталат.
Улуттук банктын маалыматында, жаңы акчанын сүрөтүн өз кызматкери тарткан. Аны АКШнын компаниясы басып чыгат. Бул акча бир гана жолу чыгарылат. Банкоматтар жана терминалдар аны кабыл алышпайт.