20:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Казакстандын түштүгүндө бензин тартыштыгы жаралды

Түштүк Казакстан облусунда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы жаралды. Бул тууралуу centralasian.org маалымдайт.

Күйүүчү майга тартыштык болуп жатканын «Жанар-Жагармай» коомдук ассоциациясынын төрагасы Кайыпбек Камбаров ырастайт. Ал аймак эли бир айдын ичинде 30 миң тоннага жакын АИ-92 бензинин пайдалана турганын айтты.

"Чынында эле тартыштык бар. Айдын башында 27 миң тонна АИ-92 бензини алынып келинген. Азыр бул үлгүдөгү бензин ири май куюу жайларында бар. Орто жана кичинекейлеринде аз болуп жатат. Көйгөй айдын аягына чейин чечилет«— дейт ал.

Маалыматка караганда, Шымкент шаары менен Сайрам районунда АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди сатууга чектөө киргизилди. Аймактагы май куюу жайларынын биринин жумушчулары билдиргендей, акыркы бир нече күндөн бери АИ-92 бензини жүздөгөн литрден гана алынып келинүүдө. «400 литр бензин эртең мененки саат 11ге чейин эле сатылып кетүүдө. Андан кийин талондор боюнча гана сатып жатабыз», — деп билдиришти алар. Sinooil май куюу жайларында АИ-92 бензини бар, бирок анда кезек күткөндөр көп. Айрым маалыматтарга караганда, аталган май куюу жайларында айдоочуларга бензин эки миң теңгеге чейинки суммага гана сатылууда.

Аймакта 570 май куюу жай болсо, анын 100дөн ашыгы ири компанияларга таандык.штүгүндө бензин тартыштыгы жаралды

Эң көп окулган жаңылыктар