05:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаев: Шайлоо кандай болсо да жыйынтыгы жокко чыгарылбайт

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн добуш берүүдөн кийин журналисттерге шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо да жокко чыгарылбашын билдирди.

Президент талапкерлердин ичинен Өмүрбек Бабановго карата сын пикирин айтып, аны колдоо үчүн чет элдик жаран Атамбаевге 20 миллион доллар сунуштагандыгын маалымдады.

«Мен Бабановду мурда президент болот деп ойлочумун. Биздин жубайларыбыз дагы эже-сиңдидей. Мен премьер-министр кезимде Бабанов үйүмдөн чыкчу эмес. Кийин 2010-жылга чейин жоголуп кетти. Анан кайра пайда болуп калды. Бир чет элдик олигарх 20 миллион доллар сунуштап, Бабановдун талапкерлигин колдоп бериң деди. Бирок, акча баалаган нерселер да бар да бул жашоодо», — деди Алмазбек Атамбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар