14:51
+16
USD 68.61
EUR 80.60
RUB 1.20
Кыргызча

Алмазбек Атамбаев ЕАЭБтин мамлекет башчыларынын жыйынына барбайт

Алмазбек Атамбаев ЕАЭБтин мамлекет башчыларынын жыйынына барбайт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине өкмөттүн аппаратына билдиришти. 

11-октябрда өтө турган жыйынга президенттин ордуна премьер-министр Сапар Исаков катышат. 

«Шайлоо күндөрү шайлоочуларды сатып алуу жана башаламандык уюштуруу аракеттери көрүлүп жаткандыгы боюнча кабар бар. Андыктан, президент өлкө коопсуздук камсыз кылууну жеке көзөмөлгө алды» - деп түшүндүрөт президенттин аппараты. 

Жыйында ЕАЭБ өлкөлөрү 2015-жылга карата планды жана жаңы жылдан ишке кире турган техникалык регламенттин талкууламакчы. 

Эң көп окулган жаңылыктар