Жол кырсыгына кабылган №212 кичиавтобустун жети жүргүнчүсү жабыркады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Кечээ кечинде Киев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде кичавтобус жолдон чыгып даракты сүзүп алган. Айрым маалыматтарга караганда, ал дипломатиялык номерлүү автоунаа менен кагышкан.
Жабыркаган жүргүнчүлөрдүн арасында кош бойлуу аял, үч жашар бала бар экени айтылат.
ИИБсы иш козголуп, кичиавтобус менен автоунаа атайын жайга токтотулганын маалымдайт.