Бишкек шаарындагы № 70 мектептин кире беришинде күн сайын тыгылыш болот. Бул тууралуу ата-энелер арызданышууда. Социалдык тармакта жарыяланган видеодо балдар мектепке кирүү үчүн түртүшүп, кире бериште тыгылышып жатканы тартылган.
«Байкуш балдар күн сайын ушинтип кыйналып мектепке кирет. Директор, зовуч каякка карап жатышат?» — дешет ата-энелер.