10:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Пензада жол кырсыгында жапа чеккендердин баардыгы кыргызстандыктар

Пенза облусундагы кырсыгында жапа чеккендердин баардыгы кыргызстандыктар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдайт.

26-август күнү М-5 «Урал» федералдык жолунунун 471-чакырымында Москваны көздөй бара жаткан кичи автобус жүк ташуучу унаа менен кагышып кеткен. Кичиавтобустун айдоочусу жана жүргүнчүлөрүнүн баары кыргызстандыктар болгон. Айдоочу жайында мерт кетип, беш жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.

Россиялык ЖМКнын маалыматында, жүк ташуучу унаанын айдоочусу дагы Кыргызстандын жараны. Ага каршы кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Беш жыл эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

 
Эң көп окулган жаңылыктар