10:15
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев: Менин досум президент болуп калышы мүмкүн

«Меним досум президент болуп калышы мүмкүн», — деп билдирди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунун Ынтымак айылындагы жолугушууда.

Ал өкмөткө жаш адистер келгендигине токтолуп өттү.

«Мен өзүм өстүргөн жигит премьер-министр болду. Өкмөткө андан башка дагы жаш адистер келди. Алар менин жолумду жолдорунан күмөнүм жок. Эми менин досум президент болуп калышы мүмкун», — деди Алмазбек Атамбаев.

Президент мөөнөтү аяктагандан кийин, өзү баштаган долбоорлордун ишке ашышына көзөмөл салып турарын маалымдады.

Эскерте кетсек, апрель аягында Өзгөн районун Зергер айылдык аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 адам каза тапкан.

 
Эң көп окулган жаңылыктар