15:28
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Борбордук шайлоо комиссиясы 2,5 миң лупа сатып алат

Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссия 2,5 миң лупа сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында маалымдалат. 

Ага 875 миң сом жумшалат. Лупа тегиз, тик бурчтуу, кара алкакта, үч эсе чоңойтуп көрсөтө ала турган болушу керек. Айнеги бекем пластиктен жасалышы шарт. 

Тендерге катышуу үчүн 8 компания арыз беришти. Айрымдары эки эсеге арзан баага сатууга даяр. Жеңүүчүсү дагы эле тактала элек.

Эң көп окулган жаңылыктар