Леонид Маевский Өмүрбек Текебаевге чыккан сот өкүмү боюнча пикирин «Коммерсант» гезитине билдирди.
«Мен соттун өкүмүнө баа бере албайм. Негизинен далилдер так болчу. Ал эми мага кайтарылган акчаны Кыргызстанда кайрымдуулукка жумшайм», — дейт россиялык ишкер.
Анын айтымында, 1 миллион доллар Өмүрбек Текебаевдин конфискацияланган мүлкүнүн эсебинен ага кайтарылат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында россиялык ишкер Леонид Маевский «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге каршы арыз жазган. Анын билдирүүсүндө, партия лидери 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алып, сөзүн аткарган эмес. Акчаны дагы кайтарбагандыктан, ал сот аркылуу өндүрмөкчү болот.
Сот Өмүрбек Текебаевдин күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты.