Facebook социалдык тармагында кыргыз коомчулугундагы терс көрүнүштөр тууралуу тамашалуу ыр жарыяланды. Авторлорунун бири - теле алып баруучу Ниязбек Абазганов.
Анын айтымында, бул сатира жанрындагы чыгарма. Жаштар топтолуп ырды жана ролигин да чогуу жасашкан.
«Михаил Лермонтовдун «Кирдеген Россия, кош бол» - деген сөзүн эсиңиздердеби? Акын аны Россияны жаман көргөндүгүнөн эмес, жакшы көргөндүгүнөн жазган. Биз дагы бул ыр аркылуу коомдогу кемчиликтерди жоюу үчүн терс жактарга көңүл бөлдүк» - дейт ал.