Муфтият 20-августтан кийин гана Курбан айтты белгилөө күнүн жарыялайт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Айрым КМШ өлкөлөрү 1-сентябрды Курбан айт катары белгилешти.
«1-2-сентябрда болушу мүмкүн. Так күнү 20-августтан кийин айтылат», — дешти муфтияттан.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда Орозонун башталышы, аякташы жана Курбан айт 2011-жылдан бери айга карап белгилене баштады.
Эмгек кодекси боюнча Айт күндөрү кыргызстандыктар эс алышат.