00:02
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстан латын арибин 2017-жылдын аягына чейин кабыл алат

Казакстан ушул жылдын соңуна чейин казак тили үчүн бирдиктүү латын алфавитин түзүп, кабыл алат. Бул тууралуу Казакстандын билим берүү министри Ерлан Сагадиев 26-июлда Астанада өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал 13-апрелде бул боюнча куралган атайын комиссия казак тили үчүн ыңгайлаштырылган, латын графикасынын негизинде алфавитти түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Сагадиев 1-сентябрдан тарта өлкө боюнча 500дөй класс англис тилинде окуй баштарын билдирди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2025-жылдан тарта бардык документациялар, көчө аталыштарына чейин латын арибине которууну буйруган.

Казакстан 1929-жылдан 1940-жылга чейин латын алфавитин колдонгон. Андан кийин кириллицага өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар