13:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгында сегиз киши мерт кетти

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгында сегиз киши мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, бүгүн таңкы 6.00да Бишкек-Ош жолунун 460-чакырымында, Таш-Көмүр шаарынын аймагында үч унаа кагышып кеткен. Оор жүк ташуучу унаада -эки, Хонда Степте -9 жана Хонда Одиссейде — алты жүргүнчүсү болгон.

Сегиз адам жайында мерт кетти. Анын төртөө эркек, үчөө аял жана беш жаштагы кыз. Дагы үчөө оор абалда Шамалды-Сай шаардык ооруканасына тез жардам унаасы менен жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар