08:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта 7 адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда «Мерседес-Вито» жана «Хонда-Жаз» үлгүсүндөгү унаалардын кагылышуусунда жети адам набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 4-мартта түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында, Ноокен районунун Бүргөндү айылында болгон.

7 адам каза болду. Дагы 6 адам жабыркап, алар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар