16:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Токтогул районунда жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жаракат алды

Токтогул районунда жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1997-жылы туулган К.Д. аттуу айдоочу «Mercedes Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унааны башкарып баратып, карама каршы тилкедеги «Волга» үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Кесепетинен Волганын айдоочусу жана 2 жүргүнчү жаракат алышкан.

Кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 282-чакырымында болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар