08:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Араванда Темир Сариевдин штабын талкалап кетишти

Араванда Темир Сариевдин штабын талкалап кетишти. Бул тууралуу «24.kg» агентигине «Акшумкар» партиясынын маалымат кызматынан билдиришти.

18-июль күнү кечинде Ош облусунун Араван районундагы штабынын баннерлери талкаланып, терезеси сынган.

«Кара өзгөйлөр штабдын имаратына кирүүгө аракеттенишкен. Анда техника, бизге маанилүү маалыматтар жана Темир Сариевдин тарапташтарынын даректери жана телефондору жазылган маалыматтар бар», — деди талапкердин пресс-катчысы Назира Ахмедова.

Партия милицияга кайрылды. Буга чейин партиянын Өзгөндөгү штабын дагы талкалап кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар