11:12
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сооронбай Жээнбеков «Таза коом» жемкорлукту алгылыктуу азайтарына ишенет

2040-жылга карата өнүгүү стратегиясы так план, иш чаралар жана керектүү көөлөмдөгү инвестиция менен камсыз болот. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КСДПнын XVI съездинде сүйлөп жатып билдирди.

Стратегиянын башкы тапшырмаларынын бири - партиянын лидерлери тарабынан эки жыл мурда сунушталган «Таза коом» программасын ишке ашыруу экендигин белгиледи.

«Стратегия-2040 заманбап технологияларды колдонуу менен ишке ашат. Биз жемкорлуктун кескин кыскарышынын күтөбүз.  «Таза коом» аркылуу электрондук башкаруу жана иш кагаздарын дагы электрондук жүргүзүүнү камсыз кылып, коррупцияны тизгиндейт. Азыр эле мамлекеттик мекемелердин бир тобу «Түндүк» электрондук тутумуна кошулган. Күзүндө алгачкы жыйынтыгын чыгарабыз. Жарандар мамлекеттик жана муниципалдык органдардан аткаминерлер менен баарлашпай туруп, керектүү кагазды ала алышат", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Эскерте кетсек, бүгүн КСДП Сооронбай Жээнбековду президенттикке ат салышууга сүрөп чыкты. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби