19:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Түркиянын элчиси: Эки элдин достугу өлкө башчыларынын көз-карашына байланышпайт

«Эки өлкө достугу мамлекет башчыларынын көз-карашына эмес, элдердин жылуу мамилесине байланыштуу» — деп билдирди Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч бүгүн маалымат жыйында «24.kg» маалымат агентигинин эки тараптын алакаларынын солгундаганы тууралуу суроого жооп берип жатып.

Элчи эки өлкө ортосундагы алака эч тармак боюнча өзгөрбөгөнүн кошумчалады.

«Кыргызстанда түрк капиталы менен 300 компания, Түркияда кыргызстандыктардын 100 ишканасы иштейт. Түркияда 13 миң кыргыз жараны иштеп, жашаса, бул жакта биздин 10 миңдей жараныбыз бар» — деди ал.

Эскерте кетсек, 15-июль күнү Түркиянын аскерлери телеканал, коомдук жай жана мамлекеттик органдарды басып алууга аракеттенген. Анда 250 киши набыт болуп, 2 миң жаракат алган. Ал окуяга Анкара диний аалым Феттуллах Гуленди айыптаган. Кыргызстандан «Себат» билим берүү мекемесин жабууну өтүнгөн. Бул сунушту Кыргызстан тарап четке кагып, кийин мектептердин аталышын жана уюштуруу курамын өзгөрткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар