07:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Текебаевдин соту. Күбө: Маевский Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу издеген

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жан сакчысы Нурбек Абдрахманов бүгүн сотко көрсөтмө берди. Ал Текебаев 2010-жылдын августь айында Леонид Маевский менен «Супара» кафесинде жолугушкандыгын ырастады.

«Маевский Текебаевди Россиянын белгилүү саясатчылары менен тааныштырууну убадалады. Сентябрда биз Москвага учушубуз керек болчу. Бирок, биз эч качан Маевскийдин кеңсесинде болгон эмеспиз», — деди Нурбек Абдрахманов.

Ал кафеде Леонид Маевский менен Талант Маматкеримовдун сөзүн уккандыгын билдирди. Анда Маевский Алмазбек Атамбаев менен жолугуштурууну суранган.

Нурбек Абдрахманов Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун сөзүн четке какты.

«Абдырахманов шефтин кабинетине 2010-жылдын декабрь айында кирген. Бирок, ал жерде Маевский эмес, башка орустар бар болчу», — деди Нурбек Абдрахманов.

Андан кийин сотко Өмүрбек Текебаевдин жардамчысы Калысбек Боронов чакырылып, ал тергөөгө берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартты. 

«Ал көрсөтмөнү мен берген эмесмин. Тергөөдө мени чакырып, даяр текстке кол койгон деп талдап кылышкан» - деди ал.

Калысбек Боронов Леонид Маевский көрсөткөн өкмөт үйүндөгү кабинетте Өмүрбек Текебаев эмес, Алмазбек Атамбаев олтурганын ырастады. 

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда.

Өткөн жумада Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

 
Эң көп окулган жаңылыктар