Жалал-Абадда экстремисттер кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирет.
Маалыматка караганда, «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын төрт мүчөсү. Алардын үй жайын тинтүү учурунда экстремисттик маанайдагы материалдар табылган.
Кылмыш кодексинин 299-беренеси (улуттук, диний жана аймак аралык кастыкты козгоо) менен иш козголду.