07:54
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Фарид Ниязов КСДП лидеринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Фарид Ниязов КСДП лидеринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Кечээ Бишкекте партиянын саясый кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда партиянын курултайын 15-июлда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Фарид Ниязовду бул орунга Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков сунуштады.

Эскерте кетсек, КСДП партиясы президентикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн. Эми ал партиянын курултайында каралышы керек. КСДПдан башка талапкерлер чыгат деген божомолдор да айтылууда. Парламенттин төрагасы, партиянын саясый кеңешинин мүчөсү Чыныбай Турсунбековдун өз алдынча ат салышары жөнүндө да маалымдалууда.

Фарид Ниязов буга чейин президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар