23:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Ак-Кеменин» акциясынын 17 пайызы малайзиялык инвесторго таандык

«Ак-Кеменин» акциясынын 17 пайызы малайзиялык инвесторго таандык. Бул тууралуу «24.kg» агентигине отелдин президенти Руслан Сарымсаков билдирди.

Анын айтымында, мейманкана комплекси Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түзүлгөн ишкана болуп саналат.

«Өкмөттүн чечими таң калыштуу. Өлкөдө соттор билгенин жасап жатышат. Мыйзам жок. Биз эл аралык сотко кайрылабыз», — деди Руслан Сарымсаков.

Эскерте кетсек, «Ак-Кеме» отелине бүгүн таңкы саат 6.00да Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кирип келишип, ичиндегилерди сыртка чыгарышкан. Эшикти лом менен бузуп киришкени айтылат. Отелдин президенти Руслан Сарымсаков, сот иши аяктай электигин билдирүүдө.

«Ак-Кеме» отели буга чейин «Пинара» деп да аталган. Андагы кожоюндары түрк ишкерлери менен болгон талаш эл аралык сотко чейин жеткен.

Өкмөт 2016-жылдын күзүндө отелди сатууга коет. Эки аукциондо тең «Ак-Кеме» сатылбай калган. Отелдин баштапкы баасы — 955 миллион 805 миң сом. Экинчи сатыкта наркы 10 пайызга арзандаган.

Сот департаментинен «Ак-Кемеден» Каржы министрлигине 452 миллион 487 миң сом өндүрүмү чечими бар экенин айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума